Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

«Карек» өкмөттүк комиссияны айыптоодо


БИШКЕК. «Карек» аттуу өкмөттүк эмес уюмунун лидери Эркингүл Иманкожоеванын 14-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, барскоондуктардын талабын аткаруу боюнча өкмөт тарабынан жетиштүү иштер аткарылбай жатат. Эгерде абал өзгөрбөсө 25-октябрда Кумтөргө бараткан жол кайрадан тосулат. Мына ушул маселе 13-октябрда президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда көтөрүлгөн. Анда мамлекет башчысы маселени чечүүнү өкмөт башчысына табыштаарын билдирген. Маалым болгондой, август айында Барскоон жана ага танапташ айылдардын тургундары Кумтөр кенине бараткан жолду тосуп, 1996-жылы Барскоон окуясында жабырланган калкка толук өлчөмдө компенсация төлөп берүү, калктын ден-соолугун текшерүүчү диагностикалык аппаратты орнотуу сыяктуу тогуз бөлүктөн турган талапты койгон. Өкмөт барскоондуктардын талабы боюнча мамлекеттик комиссия түзгөн эле.

XS
SM
MD
LG