Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Аксылыктар митинг өткөрүштү


БИШКЕК. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев убадасына туруп, 20-октябрга чейин Аксы эли менен жолугушпаса, аксылыктар президенттин кызматтан кетишин талап кылган акцияларды баштайт. Мындай чечимди кабыл алган жыйын жекшемби күнү Аксы районун Акжол айылында өттү деп билдирди телефон аркылуу «Азимбек Бекзараровду коргоо коомунун» мүчөсү Кубаныч Маматкеримов. Анын айтымында, жыйынга Жаңыжол, Акжол, Каражыгач, Карасуу, Кызылтуу айыл өкмөттөрүнүн тургундары катышты.

Буга чейин Азимбек Бекназаров башкы прокурордук кызматтан акыйкатсыз алынды, деп санаган аксылыктар расмий бийликке сегиз талап коюшкан. Алардын катарында президенттин аксылыктар менен жолугушуусу, Карасуу базары боюнча комиссиянын чечимин жокко чыгаруу, башкы прокурорду кызматтан алуу талаптары бар. Маалымат каражаттарында башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Таабалдиевдин кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз бергендиги кабарланууда.

XS
SM
MD
LG