Соңку күндөрү Европада коркунуч жараткан канаттуулар вирусу Грекияда табылды. Мамлекеттик телеканал грек бийликтери вирустун адам өмүрү үчүн коркунучу бар-жок экенин текшерип жатышат деп кабарлады. Буга чейин адамдардын өмүрү үчүн кооптуу куштар тумоосу Түркия жана Румынияда катталган.