БИШКЕК. Ушул жума ичинде түрдүү министрлик жана мекемелердин өкүлдөрү Каракече көмүр кенине барып, ал жердеги кырдаал менен жеринде таанышат. Мындай чечим 17-октябрда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун жетекчилиги менен өткөн кеңешмеде кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан 18-октябрда кабарлашты. Адистер көмүр кениндеги компаниялардын мүлктөрү, салык төлөө, жол, тартип маселесин иликтешип, маселелерди чечүүнүн жолун аныкташат.