Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Taжикстандын ички иштер министрлиги 2005-жылдын кылмыш санагын жарыялады


Ага ылайык, быйыл ушул күнгө чейин 300 тартип коргоо кызматкери кесиптик жүрүм-турум эрежелерин бузганы үчүн кызматына алынган. Дүйшөмбү калаасындагы бүгүнкү пресс-конференцияда ички иштер министри Хумдин Шарипов ошондой эле январ айынан бери 81 милиция кызматкерине каршы кылмыш иши козголгонун бышыктады. Шариповдун сөзү боюнча, аларга каршы пара алган деген сыяктуу ар кыл айыптар коюлган.

Министр кылмыштуулук кырдаалы начар экендигин мындайча бышыктады:

– Тилекке каршы, биз уюшкан кылмыштуулукту жоё алган жокпуз. 3төн 12ге чейин мүчөсү болгон уюшкан топтор дале көп.

Министрдин айтымында, ал жетектеген мекеменин паспорт бөлүмдөрүнүн 18 кызматкери адам аткезчилерине жана алардын курмандыктарына жасалма документ жазып бергени үчүн камакка алынган.

Күндүзгү эл аралык кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады

XS
SM
MD
LG