Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Евробиримдик Сербиядан бакма канаттуулар этин сатып алууну токтотот…


Еврокомиссиянын билдиришинче, Грекияга куштардын сасык тумоосу жетти деген маалымат али ырастала элек. Бирок коркунучтуу илдет коңшулаш Македонияда болушу ыктымал. Аны аныктоо үчүн атайын текшерүү өткөрүлөт.

Евробиримдиктин өкүлү Филип Тоддун айтымында:


- Еврокомиссия учурда Россияда куштардын сасык тумоосу жайылып баратканга байланыштуу Сербиядан бакма канаттуулардын этин жана тал жүнүн сатып алууга тыйуу салууга камданып жатат.

Россиянын айыл чарба министрлиги Тула облусунда жапайы өрдөктөр арасында сасык тумоо табылганын тастыктады. Бу илдеттен Азияда 2003-жылдан бери 60тан ашуун адам каза тапкан.

Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму Жыкынкы Чыгышта жана Африкада куштардын сасык тумоосунун жайылып кетүү коркунучу бар экенин эскертти. Уюмдун башкы ветеринары Жозеф Домениктин билдиришинче, Румыния менен Түркияда куштардын сасык тумоосунун вирусунун табылышы, илдет Түштүк Чыгыш Азиянын куштар каттоочу жолунда жайылганын күбөлөйт.

XS
SM
MD
LG