Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

КООРТ телекомпаниясындагы кырдаал жөнгө салынды


БИШКЕК. 20-октябрда вице-премьер-министр Адахан Мадумаров аталган телекомпанияга жаны жетекчилик дайындалышына нааразылык билдирип, дүйшөмбүдөн бери иш таштап жаткан эмгек жамааты менен жолугушту. Анда Адахан Мадумаров менчик телекомпаниянын ишине өкмөттүн кийлигишүүсүнө мыйзам жол бербестигин, бардык маселени деректирлер кенеши чечээрин белгиледи. Андан соң Адахан Мадумаров КООРТтун деректирлер кеңешинин төрагасы Александр Ким менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада эмгек жамааттын талабы аткарылып, Өмүрбек Сатаев кайрадан аталаган телекомпаниянын башкы продюссеринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал эми бул кызматка жаңыдан келген Санжар Капаров башкы деректирдин милдетин аткаруучулукка бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай чечимге макул болгон телекомпаниянын жамааты 21-октябрдан тарта ишке чыгышаарын “Азаттыкка” ушул эле күнү КООРттун жооптуу редактору Зарылбек Оролбаев билдирди.

15-октябрда өткөн акционерлердин жыйынында буга чейин Улуттук телеканалдын “Замана” студиясында продюсер болуп иштеп келген Азима Расулова КООРТтун башкы деректири, ал эми Санжар Капаров башкы продюсери болуп дайындалган. Буга нааразы болгон телекомпаниянын жамааты жетекчиликке адис адамды койуу талабы менен иш ташташкан.

XS
SM
MD
LG