АКШ жетекчилиги Азербайжанда демонстрациянын катышуучулары камакка алынып, парламенттик шайлоого талапкерлер кармалып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бакуда кечээ экономика боюнча экс-министр Фархад Алиев жана анын бир тууганы оппозициячылар менен бирге мамлекеттик төңкөрүш жасоого камданган деген айып тагылып, камакка алынышты. АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Син МакКормак Азербайжанда оппозициячылар маалымат каражаттары аркылуу өз оюн билдире албай калганын белгилеп, бул көрүнүштөр Азербайжан өкмөтү демократиялык багытты карманаарынан күмөн санатат деп белгиледи.