Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:28

Мисирде христиандар менен мусулмандар ортосунда кагылышуу чыкты


Мисирдин Александрия шаарынын алдында түндө мусулман менен христиан тургундар ортосунда кагылышуу чыгып, төрт адам өлдү. Жакында жергиликтүү чиркөөнүн хорунун ырдаганы жазылган DVD диски чыгарылган жана мусулмандар аны - исламды мазактайт деп эсептеп, чиркөө менен башка христиан үйлөрүнө кол салган. Жүзгө жакын адам жараат алып, алтымышка жакын кишини полиция кармады. Өлкөнүн христиандар менен мусулмандарынын жетекчилери бүгүн элге кайрылып, калкты тынчтанууга чакырды.
XS
SM
MD
LG