Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

ОШТОГУ НААРАЗЫЛЫК ЧАРА ДА УЛАНУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош 24-октябрь күнү Ош шаарында өкмөт башчысы Феликс Куловдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык митинги улантылды. Митингдин жүрүшүндө анын катышуучулары жогоруда аталган бийлик адамдарын эл алдына келишип, өздөрүнүн тазалыгын далилдеп берүүнү талап кылышты. “Ар-намыс” партиясынын түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгү аталган нааразылык митинги кандайдыр бир саясий күчтөрдүн буюртмасы менен жасалма түрдө уюштурулуп жатат деген билдирүү таркатты.

Митингге чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөндөр өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалга баа берүү менен абалдын курчуп жатышына өкмөт башчысы Куловду жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевди себепчи катары айыпташты. Сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү депутат Акматбаевдин атып өлтүрүлүшүндө саясий боек бар деген пикирлерин билдиришти. Митингдин катышуучуларынын лидерлеринин бири Дамир Абдиев Куловго жана Текебаевге каршы нааразылык акциясына чыгышкан адамдар аталган бийлик адамдарын эл алдына чыгып, өздөрүнүн абийирлеринин таза экендигин далилдеп берүүсүн талап кылыша тургандыктарын билдирди.

Нааразылык акциясын уюштуруучулардын бири, “Элдик демилге” коомдук бирикмесинин төрагасы Мелис Мырзакматов митингде чыгып сүйлөгөн сөзүндө өкмөт башчысы Феликс Куловго Акаев режиминин тушунда коюлган айыптоолорду эскерип өттү:

- Бир жолу коорупционер, бандитти премьер-министр кылып шайлап алыптырбыз. Урматтуу Курманбек Салиевич, андай тандемге барган өнөктүн сизге кереги жок. Түндүк-түштүк фактору кармалып атабы, түндүктөн чыныгы элден чыккан бир азаматты премьер-министр кылып шайлап алыңыз.

Ушул эле күнү “Ар-намыс” партиясынын түштүк өкүлчүлүгү партиянын лидери Куловго жана парламенттин спикери Текебаевге каршы өтүп жаткан митингдердин мүнөзү боюнча билдирүү таркатты. Жумушчу сапары менен Ошто жүргөн аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова нааразылык акциясы кандайдыр бир саясий күчтөрдүн буюртмасы менен жасалма түрдө уюштурулуп жатат деген пикирин белгиледи:

- Ош облустук администрациясынын алдында уюштуруп аткан митингге барып, байкоо жүргүздүм. Мен ошол жерде турсам микро автобустар менен бир топ балдарды алып келип, ошол жерге түшүрдү. Мага жеткен маалыматтарга караганда, жогорку окуу жайларынын астына барып, студенттерди көндүрүп алып келип атыптыр. Куловду ушундай жол менен түртүп чыгаруу бул кандайдыр бир бийлик адамдарынын идеясы, ошону криминалдык дүйнө менен байланыштырып туруп, ишке ашыргысы келип атат.

Нааразылык митингдин уюштуруучу лидерлердин бири Айтмамат Кадырбаев иш чара кайсы бир саясий күчтөр тарабынан каржыланып жатышы мүмкүн деген маалыматты төгүндөдү:

- Бул нааразылык акциясы Кулов менен Текебаев отставкага кетмейин токтолбойт. Буларга эч жактан эч ким финансы бөлгөн жок. Бул уюшулуп аткан митингди Рысбек Акматбаев каржылап атыптыр дешип атат. Бул жерде Рысбек Акматбаевди биз көргөн жокбуз, ал каржылаган жок, мунун баары жалган. Эл өзү эле чыгып атат.

Ош облустук акимчилигинин алдына боз үй тигишип, жайгаша башташкан нааразылык акциясынын катышуучулары коюлган талаптары аткарылмайынча таркабай тургандыктарын жарыялашты.

Сүрөттө: Mитингден бир көрүнүш (Сүрөт автордуку)

XS
SM
MD
LG