Бул күнү нааразылык чарага келген адамдар колдорунда «Феликс Кулов отставкага кетсин!», «Кулов +Батукаев=адам өлтүргүчтөр», «Кулов+Химсинтез+Канат= коррупция!» деген сыяктуу плакаттарды кармап турушту. Эртең менен парламенттин айрым депутаттары маркум Тынычбек Акматбаевдин агасы Рыспек Акматбаев менен сүйлөшүүгө чыгышты. Рыспек Акматбаев депуттарга эмне себептен кворум болбой жатканына кызыгып, инисин жерге берген күнү депутаттардын көпчүлүгүнүн куран окутканга барбаганына нааразылыгын билдирди. Ал ошону менен бирге премьер-министр Феликс Кулов нааразылык чарада турган адамдардын алдына жан сакчыларсыз жана куралсыз келишин талап кылды:
- Биздин алдыбызга Феликс Кулов менин инимдей болуп, куралсыз биздин алдыбызга келсин. Эл канча күндөн бери турат, ал эмне үчүн элдин алдына келбейт? Ал коркобу? Биз анын келишин талап кылабыз.
Андан кийин депутаттар имаратка кирип, отурумда 33 депутат катталды. Парламенттин төрага орун басары Болот Шерниязов кворумдун жоктугуна байланыштуу жыйын бул күнү болбой тургандыгын жарыялап, депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу иликтөө жүргүзүү үчүн депутаттык комиссиия түзүлүшү керек деген пикирин айтты:
- Биз тез арада депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө ким күнөөлүү болгонун, анын артында кимдер турганын ийне-жибине чейин териштирген депутаттык комиссия түзүп, депутаттын өлүмү боюнча парламенттик иликтөө жургүзүшүбүз керек .
Жыйынга катышкан бир катар депутаттардын сунушу менен залда отурган парламентарийлер сыртка чыгып, куран окутуп, андан соң, Чолпонатага маркумдун ата-энесинин үйүнө куран окутууга жөнөп кетишти.
Эркин микрофон орнотулган жерге каалоочулар келип, ой-пикирин айтып жатты. Ырчы Майрамбек Осмонов бул митинг тынч мүнөздө өтүп жаткан митинг экендигин белгилесе, белгилүү диктор Анаш Кадырова мындай деди:
- Биз азыр эң алды менен Тынычбек Акматбаевди ким өлтүрдү, чындыгында эле уюшма топтун колунан набыт болгон-болбогонун такташыбыз керек. Биздин башкы талабыбыз – Феликс Куловду отставкага кетирүү
Нааразылык чаранын катышуучусу Марат Исманалиев болсо буларга токтолду:
- Биз Феликс Куловго башынан эле ишенбейт элек. Ал азыр да өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуу аракетин жасап жатат. Мындай адам бийликте, өкмөттө иштебеши керек. Биз Куловдун отставкасын талап кылабыз. Биз Кулов Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө күнөөлүү деп эсептейбиз.
Пикетте тургандар Феликс Кулов жана парламенттин төрагасы Өмурбек Текебаев кетсин деген ураандарды маал-маалы менен кыйкырып турушту.
Буга чейин Феликс Кулов депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө өзүнүн эч кандай байланышы жок экендигин билдирип, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делип жүргөн Азиз Батукаев менен байланышы бар деген сөздөрдү төгүнгө чыгарган. Ал ошону менен бирге буларды айткан:
- Мен парламенттен, президенттен митингге чыккандардын талаптарын карап чыгууну өтүнүп жатам. Эгерде президент менен парламент менин отставкам боюнча негиздемелерди табышса, мен ага каршы болбойм. Бирок биз мыйзам чегинде иш кылышыбыз керек.
Ал эми Рыспек Акматбаевдин айтымында, Феликс Кулов буга чейин эле Азиз Батукаев менен жакын мамиледе болгон:
- Азиз Батукаев менен Феликс Кулов мурдатан эле тааныш эле. Аны биз жакшы билебиз. Биздин маалыматтар боюнча, Азиз Батукаевге «Ар-намыс» партиясынын өкүлү Эмил Алиев Феликс Куловдун буйругу боюнча спорт шаймандарын, тамак-аш алып кирип турган. Феликс Кулов айтып атпайбы, ал барганда менин иним жарадар болуп жаткан экен деп, эмне үчүн ал дароо аны алып чыктырган жок?
Эмил Алиев болсо, эч качан Азиз Батукаевге тамак-аш, же башка буюмдарды алып кирбегендиги жөнүндө билдирди.
Пикетчилердин айтымында, алардын койгон талабы аткарылмайынча нааразылык чара улантыла берет.