БИШКЕК. «Менин өлкөм» саясий партиясы өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, абалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү кадамдарды талап кылды. Билдирүүдө айтылгандай, бийлик өлкөдө курчуп бараткан кырдаалды турукташтыруу үчүн мыйзам чегинде ыкчам аракеттерди көрүшү керек. Ал эми ар кандай митингдер аркылуу мамлекеттик түзүлүшкө байланыштуу маселелерди чечүүгө жол берилбеши керек, президент, премьер-министр жана парламент өздөрүнүн конституциялык ыйыгарым укуктарын азыркы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн пайдаланууга тийиш. «Менин өлкөм» партиясы ошондой эле бийликтен өлкөдөгү жаза өтөө жайларындагы абалды турукташтырып, аларда тартипти орнотуу, жаза өтөп жаткан адамдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылууда.