Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Парламент депутаттын өлүмүнө күбө болгон адамды укту


БИШКЕК. 25-октябрдагы парламент жыйынында депутат Тынычбек Акматбаевдин кантип өлтүрүлгөнү тууралуу окуяга күбө болгон маркум депутаттын коомдук жардамчысы Нуристан Сыдыков маалымат берди. Анын айтымында, депутат баштаган топ колониянын короосуна киргенде кылдат текшерүүдөн өтүшкөн жана алардын эч кимисинде курал болгон эмес. “Андан ары түрмөнүн ичиндеги өндүрүштүк жайлардын абалы менен тааныштык. Үстүңкү кабатында гана бир бөлмө бар эки кабат эски бир имарат бар экен. Жаза өтөө башкармалагынын башчысы Икматулла Полотов ошол жерге сүйлөшүүгө чакырды. Мен тегерегибизде абактагылар жургөнүнөн чочулап суроо салсам, Полотов “кам санаба, коопсуздукка биз жооп беребиз” - деди. Кийин чыга бериште камактагылардын бир тобу жол тосуп турушуптур. Алар бизге жардам болобу деген сыяктуу суроолорду бере баштады. Ошол кезде ок атылып, биринчи эле ок Акматбаевге тийди. Мен аны сүйрөп экинчи кабатка чыктым. Көп өтпөй абактагылар кирип келишип, мени тээп түшүрүштү.Аздан соң депутат Акматбаев кулап түштү. Жанына келсем эбак эле каза болуптур”.

Буга чейин түрмөгө киргендердин өзундө да курал болгону, алар мыйзамды бузуп киргени тууралуу божомолдор айтылган. Расмий бийлик окүлдөрү болсо окуянын кандай болгонун тергөө иштери көрсөтөөрүн белгилешүүдө

XS
SM
MD
LG