Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Ирактын эли президент Буштун баасын алды


Ирактын калкынын жаңы конституциянын долбоорун колдоп добуш берүүсүн АКШ президенти Жорж Буш чоң ийгилик деп атады:


- Бүгүн Ирактын шайлоо комиссиясы конституция бекитилгенин тастыктады. Январдагы тарыхый шайлоого салыштырганда азыркы добуш берүүгө суннилер көп катышты жана калаба да кыйла аз болду. Өздөрүнүн эр жүрөктүгү менен Ирактын эли демократияны курууда, экстремизмге жана зобундукка каршы чогуу тураарын дагы бир жолу айгинеледи.

Жыйынтыктоочу маалымат боюнча, 15-октябрда болгон референдумда шайлоочулардын 78 проценти конституцияны колдоп, 21 проценти каршы добуш берген.

XS
SM
MD
LG