Азербайжан бийликтери мамлекеттик көңтөрүштү уюштуруучулардын ишин иликтөөдө алга жылыштар бар экенин билдирүүдө. Анда Азербайжандын Илимдер Академиясынын мурунку президенти Елдар Салаевдин кутумчуларга тиешеси бар экени далилденгени айтылган. Салаев өткөн жумада кармалган. Анын уулу Елман Салаев Азербайжан демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары. Ал эми мурунку саламаттык сактоо министри Али Инсанов чет өлкөлөрдө жүргөн Азербайжан демократиялык партиясынын лидери Расул Гулиев менен каржылык байланышын мойнуна алды, деп кабарланууда. Бийлик өкүлдөрү мамлекеттик көңтөрүштү уюштуруу аракетине байланыштуу 15 адамданы кармалганын билдирсе, көз карандысыз маалымат каражаттары жана укук коргоочулар кармалгандар саны андан көп экенин айтууда. Ал эми Расул Гулиев кутумчулар менен байланышы жок экенин билдирүүдө.