Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Париждин жака-белинде баш аламандык уланууда


Франциянын борбору Париждин жака-белинде бир жумадан бери баш аламандык уланууда. Анын негизги катышуучулары Түндүк Африкадан келген иммигрант жаштар болууда. Нааразылык акциясына чыккандар «Бобини» аттуу соода борборуна зыян келтирип, 180ге чукул автоунааны өрттөп салышкан. Тургундардын нааразылыгы полиция кууп келаткан эки баланын каза болушунан чыккан. Бул баш аламандыкка байланыштуу Франциянын премьер-министри Доминик де Вильпен Канадага сапарын токтотуп, ички иштер министри Никола Саркози менен маселени чечүүгө даярданууда.

XS
SM
MD
LG