Аргентинанын Мар дел Плата шаарында 8 миң тартип коргоочу жайгаштырылды. Түндүк жана Латын Американын 34 демократиялык өлкөсүнүн лидерлеринин жыйынынын мезгилинде миңдеген пацифисттер жана солчулдар АКШнын президентине каршы демонстрацияга чыгышы күтүлүүдө. Саммитте соода жана жумуш менен камсыз кылуу маселелери, Латын Америкасында демократияны чыңдоо сөзгө алынат.