Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Ирактын Хусайбах шаарында согуш аракеттери басаңдагандан пайдаланып, элдер шаардан качып чыгышууда


Ирактын Сирия менен чек арасына жакын жерде жайгашкан шаарда америкалык жана ирактык аскерлер менен козголоңчу күчтөрдүн ортосунда куралдуу кагылышуу эки күндөн бери уланууда. Кошмо Штаттары мында Иракка чет элдик согушчандардын келишин чектөө аракетинде "Темир көшөгө" операциясын жүргүзүүдө. Ага АКШ армиясынан 2 жарым миңдей, Ирак армиясынан 1 миң чакты аскер катышууда. Кошмо Штаттары кагылышууларда кеминде 17 согушчан окко учкандыгын кабарлады. Америкалык же ирак армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат түшкөн жок.

Багдадда эки сунни араб саясатчысы бул операцияны айыптап, анын жүрүшүндө карапайым адамдар жапа чегээрин айтышты. Кечээ ошондой эле Багдад шаарында бетин чүмбөттөгөн кишилер чакан автобусту аткылап, 13 кишинин, анын ичинде бир жаш баланын өмүрүнө забын болушту.

XS
SM
MD
LG