Март айынан кийин өкмөттүк маалымдоо каражаттарын өз алдынчалыкка өткөрүү маселеси күн тартибине коюла баштаганы белгилүү. Буга байланыштуу өкмөттүн карамагындагы гезиттерди өз алдынчалыкка өткөрүү, улуттук телерадиокорпорацияны коомдук телерадиого айлантуунун жоболорун иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлгөн. Көпчүлүктүн пикиринде, өкмөттүн карамагындагы маалымдоо каражаттарынын өз алдынча болушу, мамлекеттик тизгинден бошотулушу алардын объективдүүлүгүн, тактыгын шарттайт. Учурда бир гана гезитти мамлекеттик басылма катары калтыруу сунушталууда.
Буга чейин президент Курманбек Бакиев жаңы бийлик тарабынан маалымат каражаттарына кандайдыр бир кысым көрсөтүлбөйт, деп билдирген. Бул сөзүн өлкө башчысы өткөн аптада журналисттер менен жолугушуусунда да кайталады.
Айрым журналисттердин пикиринде, ыңкылаптан кийин сөз эркиндигине кеңири жол коюлду.
«Трибуна» гезитинин башкы редактору Рысбек Өмүрзаковдун айтымында, учурда өлкөдө мурдагы оппозициялык басылмалардын баары бийликти мурдагыдай сындабай калышты. Ошондуктан, азыр бийлик кысым көрсөтө турган басылма деле жок болуп турат.
Ал эми «Вечерний Бишкек» гезтинин башкы редактору Александр Кимдин пикиринде, азыр Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы гезиттер жок деп айтууга болбойт:
- Менимче, бизде сөз эркиндигине байланыштуу эч кандай проблемалар жок. Сөз эркиндиги – бул эң ириде өз пикирин айтууга болгон мүмкүнчүлүк. Бизде альтернативалуу телеканалдар бар, басмаканалар бар. Ал эми оппозициялык гезиттер бизде бар деп эсептейм. Мисалы, «МСН» гезити, «Вечерний Бишкек», «Лица», «Общественный рейтинг» жана башка гезиттер оппозициялык басылмалар. Анткени, бул гезиттер өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык кырдаалды объективдүү чагылдырып келет.
Серепчилердин пикиринде болсо, ыңкылаптан кийин өкмөттүк маалымат каражаттары мурда адатка айлангандай эле өкмөттүн иш-аракеттерин мактоо, айрым учурларда объективдүү эмес маалыматтарды берүүнү улантышты. Бирок ошол эле учурда аларга жаңы бийлик тарабынан кысым көрсөтүлуп жатат деп айтууга да негиз жок. Алар белгилешкендей, өкмөттүк маалымдоо каражаттарындагы иштөө ыкмаларын өзгөртүү бир топ убакытты талап кылат. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө өкмөттүк маалымат каражаттарындагы каржылык, техникалык проблемаларды чечүү да күн тартибинде.
Ал эми мурдагы бийликтин өкүлдөрү болсо, март ыңкылабынан кийин тескерисинче, өкмөттүн кысымынан чоочулаган журналисттер мурдагыдай бийликти сындаган макалаларын жаза албай калышты деген көз караштарын айтышууда. Буга байланыштуу «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев мындай дейт:
- Маалымат каражаттары мурдагыга караганда анча деле эркин болду деп айтканга болбойт. Менимче, мурда мындан да эркинирээк болчу. Мурдагы президентти баштан ылдый эле шыбап жатчу, азыр бийликке көп тийишпей калбадыбы. Азыр бийликтеги адамдарды сындоого журналисттер кооптонуу менен мамиле кылып калышты деп ойлойм.