БИШКЕК. 31-октябрда премьер-министр Феликс Куловдун мурдагы айдоочусу Аслан Бутешовдун өмүрүнө коркунуч туудурган окуя боюнча ички иштер кызматы кылмыш ишин козгоду,бирок эч кандай иш аракеттер көрүлө элек. Ал эми башкы прокурор Камабаралы Конгантиев Бутешовду аткан Рысбек Акматбаевди камака алуу боюнча санкция бербей атат. Бул туралуу жабырлануучу Аслан Бутешовдун апасы Жумабүбү Сыдыкова 8-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.
Аслан Бутешов видеотасмага тартылган көрсөтмө берүүсүндө, Рысбек Акматбаев жана анын Көлбай аттуу айдоочусу, Канат Жуманазаров, дагы бир тааныбаган жигит 31-октябрда Бутешовду үйүнүн жанынан “Мерседес-Бенс” үлгүсүндөгү автоунаа менен Сокулук районунун аймагына алып барышкан. Алар Феликс Кулов жана анын жардамчысы Нурлан Токоноев, Жаныбек Бакчиевдин жашаган жери, жан сакчылары тууралуу айтып берүүсүн талап кылышкан. Бутешовдун айтымында, Рысбек Акматбаев анын айткандарына ишенбей револьвер менен аткан. Оор жаракат алган Бутешов окуя болгон жерден качып кутулган. Ал учурда №2 ооруканада дарыланууда.