Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панаховдун айтымында, жекшемби күндөгү парламенттик шайлоо жалпысынан адилет өттү, бирок эки чөлкөмдөгү добуш берүү жана дагы бир чөлкөмдүн он шайлоо түйүнүндө кайра добуш берүү өткөрүлөт. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, Европа кеңеши жана АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын байкоочуларынын айтымында, добуш берүү учурунда орчундуу мыйзам бузуулар болгон. Президент Илхам Алиевдин пикиринде, кемчиликтер болгон, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир тийгизген жок, оппозициялык "Азадлыг" блогунун жетекчилеринин айтымында болсо, 125 шайлоо чөлкөмүнүн кеминде жүзүндө кайра шайлоо өткөрүш керек.