БИШКЕК. «Манас» эл аралык аскердик базасындагы Франциялык аскерлер миссиясы толук бүткөндүгүнө байланыштуу өз мекенине учуп кетишти. Эгерде Ооганстандагы кырдаал курчуп кете турган болсо, алар кайра Кыргызстанга келиши ыктымал. Мындай маалымат «Манас» аба майданынын коомчулук менен байланыш кызматынан алынды. Учурда аталган аскер базасында америкалык 1200, Испаниялык 60 аскер бар.
Кыргызстандын мурадагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов башында турган “Евразиялык демилгелер” кору жана башка бир нече бейөкмөт уюмдар 8-ноябрда Бишкекте «Манас» аскердик базасы тууралуу тегерек үстөл жыйынын өткөргөн. Анда Аскар Айтматов учурда «Манас» аба майданында АКШнын гана аскерлери калгандыгын айтып, базанын Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүү демилгесин көтөрүшкөн.