Он үчүнчү түндөн бери Франциянын борбору Париждин айланасында баш-аламандык уланып, өткөн түнү 320 автоунаа өрттөлдү. Тополоңчулар чабуул койгонуна байланыштуу Лион шаарында коомдук транспорт токтотулду. Полиция түнү бою 139 кишини камакка алганын кабарлоодо. Алардын маалыматына караганда, баш-аламандык уланганына карабай жалпысынан кырдаал турукташа баштады. Шейшемби күнү француз өкмөтү кээ бир шаарларга комендаттык саат киргизүү укугун жергиликтүү бийлик башчыларына берген эле.