Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

АКШ мамлекеттик катчысы Сириядагы абалды сынга алды


Бахрейн мамлекетинин борбору Манама шаарында демократия маселелери боюнча эл аралык конференция өтүп жатат жана анда АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бүгүн чыгып сүйлөдү. "Келечек үчүн форум" деп аталган конференция экинчи жолу өткөрүлүүдө жана Райс айым өз сөзүндө Сириядагы абалды катуу сынга алды. Анын айтымында, сириялык өкмөт жарандардын эркиндиктерин катуу чектөөдө. Конференцияга Сириянын тышкы иштер министри Фарук ал-Шаара да катышты. Араб министрлеринин айтымында, Палестина-Израил чатагын жөнгө салмайынча, аймакта демократия орнотуу кыйын.

XS
SM
MD
LG