Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ ОРУСИЯДА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Москва Ноябрдын онунан он экисине чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Москвада иш сапары менен болду. Алгачкы ирет тышкы иштер министри катары Орусияга келген Жекшенкулов үч күндүк сапары учурунда өзүнүн орусиялык кесиптеши Сергей Лавров, орус президентинин жардамчысы Сергей Приходько, Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа, Москва шаарынын мэри Юрий Лужков жана Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Алгач жаңы шайланган президент Курманбек Бакиев, кийин өкмөт башчы Феликс Кулов Москвага келип кетишкен. Эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов келип, дагы бир жолу, өзү айткандай, Орусия менен карым-катнаштарды бекемдегенге аракет жасалып олтурат.

Кыргызстанда марттагы ыңкылаптан кийин өлкө башына келген жаңы бийлик өкүлдөрү биринчи күндөрдөн тартып эле тышкы саясатта Орусияга көбүрөөк ык алаарын даңазалай башташты. Андыктан, айрым саясий аналитиктер жаңы кыргыз бийлиги Батыштан көрө Орусиядан көбүрөөк колдоо алаарына ишенет, дешет.

Муну Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов өзү деле жашырбайт.

- Биринчиден, Курманбек Бакиев да, өлкөнүн тышкы иштер министри катары мен да - Кыргызстандын патриотторубуз. Ошондуктан, Кыргызстанга кайсыл мамлекет пайда келтирип, кимиси элибизге жакшылык алып келсе, ошолор менен кызматташууну бекемдешибиз керек. Азыркы учурда бизде Орусия менен байланыш жакшы болуп жатат, бирок башка мамлекеттер менен да мамилени түзөбүз. Мындан ары да биздин тышкы саясат көп багыттуу болушу керек деп ойлойбуз.

Министр Аликбек Жекшенкулов жума күнү Орусиянын кышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө, негизинен, КМШ, Шанхай бешилтиги жана Жамааттык коопсуздук келиши уюму өңдүү эларалык уюмдардын алкагында Орусия менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык, Борбор Азия регионундагы коопсуздук маселелери талкууга алынды. Ошондой эле, министрлер Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы тууралуу да сүйлөшкөн.

- Жалпы миграция жөнүндө сүйлөштүк. Орусия тарап азырынча өздөрүнүн миграция жаатындагы мыйзамдарын бир талапка келтирүү үстүндө иштеп жатышыптыр. Ал эми кош-атуулдук жөнүндө сөз кылуу азырынча эртерээк кылат, анткени биздин Баш мыйзам буга жол бербейт. Ошондуктан, алгач биз өзүбүздүн Конституциябызга бул маселени киргизип, кийин Орусияга кайрылсак болот.

Ал эми ушул тапта Орусияда мыйзамсыз иштеп жатышкан мигранттарга ырасмий макам ыйгаруу тууралуу маселени министр Жекшенкулов колдой турганын айтты:

- Мен Орусиянын тышкы иштер министрине, Москванын мэри Юрий Лужковко биздин мигранттарга жардам кылуу ниеттери үчүн ыраазычылыгымды билдирдим. Жогорку жакта, бийлик өкүлдөрү чындап эле көп аракеттерди жасап жатышат, бирок ал жөнөкөй мигрантка жеткенче ар кимдин жеке кызыкчылыктары менен өзгөрүлө берип, көп катачылыктар болуп жатат. Негизи, саясий чечими жакшы, бирок ишке келгенде кемчиликтер көп болуп жатат.

Ошондой эле, Жекшенкулов Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда дипломатиялык жаатта кыргызстандык студенттерди Москвадагы эларалык мамилелер институтунда окутуу маселесин да талкууга алганын айтты.

- Москвадагы эларалык мамилелер институтуна кыргызстандык студенттер үчүн берилген квота келерки жылдан тарта эки эсеге көбөйө турган болду. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен биздин жекече инсандык мамилелерибиз да жакшы, бири-бирибизди көптөн бери билебиз. Мен ага ушул маселеде колдоо көрсөтүүсүн сурандым. Эми, буюрса, келерки жылдан Москвада дипломатия тармагында окуган кыргызстандык жаштардын саны эки эсеге көбөйүшү керек.

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандагы бүгүнкү абал тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдөгү учурдагы саясий кырдаал чынында татаал экенин билдирген. «Бирок аны турукташтырууда КМШ жумурияттарынын тынчтыкты орнотуучу күчтөрүн киргизүү зарылчылыгы жок», - деди министр.

Ишемби күнү ал Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратында Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Орусиянын борборундагы кыргызстандыктар мекенге барып-келүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу айтышты. Мында негизги маселелердин бири – чет өлкөгө чыгууга уруксат берчү баракты ачтырууга Москвадагы консулдук кызмат акыны көп алып жатканы, Орусиянын бир канча жерлериндеги түрмөлөрүндө кыргызстандык мигранттар бар экени тууралуу сөздөр айтылды.

Министр келерки жумада атайын текшерүү иштери үчүн өкүлдөрүн жөнөтө турганын, консулдук, элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу баардык кемчиликтерди сөзсүз териштире турганын билдирди.

Сүрөттө: Москвадагы кыргыз коомчулугу менен жолугушуудан бир учур

XS
SM
MD
LG