Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Москвада Манастын эстелиги орнотулат


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Алиекбек Жекшенкуловдун Орусиядагы иш сапары уланууда. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Аликбек Жекшенкулов 10-ноябрда башталган бул иш сапардын алгачкы күнүндө Орусия президентинин жардамчысы Сергей Приходько, Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Москва шаарынын мэри Юрий Лужков жана башка расмий адамдар менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Шаар башчысы менен жолугушууда Москвада кыргыз борборун куруу жана Манастын айкелин орнотууга жер берүү маселеси да сүйлөшүлдү.

Иш сапардын экинчи күнүндө кыргыз министри Орусиянын тышкы иштер министри Сегей Лавров менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чындоо жана аймактагы коопсуздукту сактоо маселелери боюнча пикир алмашты жана 2006-жылдагы эки тараптуу кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту.

XS
SM
MD
LG