Москвада Орусия менен Өзбекстандын президенттери союздаштык мамиле тууралуу келишимге кол коюшту. Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн бирине үчүнчү тарап кол салса, биргелешип коргонууну макулдашты. Бул макулдашуу Орусиянын аскерий базасын Өзбекстанда ачууга да мүмкүнчүлүк берет. Өзбек президенти Ислам Каримов келишимди жогору баалады:
- Бүгүн биз мамилебизди болуп көрбөгөндөй жогору деңгээлге жеткирип жатабыз. Мен жана жалпы эле Өзбекстан, Орусиянын союздаштык жөнүндө болуп көрбөгөндөй макулдашууга барып жатканын түшүнүп турабыз.
- Бүгүн биз мамилебизди болуп көрбөгөндөй жогору деңгээлге жеткирип жатабыз. Мен жана жалпы эле Өзбекстан, Орусиянын союздаштык жөнүндө болуп көрбөгөндөй макулдашууга барып жатканын түшүнүп турабыз.