БИШКЕК. Кыргызстанда оңчул көз караштагы саясий партиялардын ичинен он сегизи өз ара бир саясий блокко биригүүнү көздөшүүдө. Бул максатта партия жетекчилери өткөн апта соңунда жыйын өткөрүшүп, жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун кезектеги жыйыны 17-ноябрда Бишкекте өткөрүлөт. «Аталган партиялар өлкөдөгү орчундуу саясий маселер боюнча көз-караштары бирдей болгондуктан келечекте бир партияга да биригип кетиши ыктымал», - деп билдирди мындай демилгени ишке ашыруучулардын бири, «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев. Биригүүнүн башкы максатын Топчубек Тургуналиев келээрки парламенттик шайлоо менен байланыштырды:
- Максатыбыз парламентти оң жолго салуу. Биздин пикирибиз боюнча, Конституциялык реформадан кийин парламент таркаш керек. Келээрки жазда парламенттик шайлоо таптакыр башка негизде өткөрүлүшү керек.
Топчубек Тургуналиев мындай бирикменин курамына кайсыл саясий партиялар киргендиги жакынкы күндөрү маалымдалаарын билдирди.