АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд 15-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, Ирактагы согушту баштоодо Вашингтон чалгындоо маалыматтарына ишенип, жаңылганын билдирди. Бул атайын жасалган иш эмес, бул чын ниеттен жаңылуу болгон, деп белгиледи Рамсфелд. Маалым болгондой, АКШ Иракка согушту бул өлкөдө массалык кыргын салуучу курал бар деп баштаган, бирок эки жылдан ашык согуштан бери андай курал табылган жок.