БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев баш болгон парламенттик делегация Тайланддын Патая шаарында 19-ноябрдан 24-ноябрга чейин өтүүчү Азия паралментарийлеринин Тынчтык үчүн ассоциациясынын башкы ассамблеясынын 6-жыйынына катышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан 16-ноябрда билдиришти. Ассамблеянын жыйынында саясат, экономика, тынчтык жана коопсуздук, аялдардын, жаштардын проблемалары боюнча маселелер каралышы күтүлүүдө.
Азия паралментарийлеринин Тынчтык үчүн ассоциациясы 1999-жылы Бангладеште өткөн Азия парламентарийлеринин тынчтык жана кызматташтык боюнча өткөрүлгөн конференциясында түзүлүп, ага 40 мамлекет мүчө болуп кирген.