БИШКЕК. 16-ноябрда түш ченде Бишкек шаарындагы №24-мектеп-гимназиясынын имаратына бомба жайгаштырылгандыгы тууралуу маалымат тарап, ал окуучуларды массалык түрдө имараттан чыгаруу иш чарасын жүргүзүүнү шарттаган. Бирок коопсуздук, ички иштер кызматтарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, эч кандай жардыруучу зат тапкан эмес. Бул тууралуу ушул эле күнү Бишкек шаардык ички иштер кызматынын күзөт бөлүмүнөн кабарлашты. Ал эми коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкеринин кабарлаганына караганда, телефон аркылуу мындай маалыматты жаш бала бергендиги тууралуу маалымат алынды. Имаратка бомба коюлгандыгы тууралуу мындай жалган маалыматтар буга чейин Бишкек гуманитардык университетине, Борбордук «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнө, бир катар мектептерге байланыштуу да таратылган. Бул иштердин бардыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Коопсуздук кызматкеринин билдиргенине караганда, ар бир мындай жалган маалымат мамлекетке 65-70 миң сомдун тегерегинде материалдык чыгым алып келет.