БИШКЕК. Казакстанда өтүүчү президенттик шайлоого байкоочу катары Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйырмадан ашуун өкүлү катышышат. БШКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, шайлоого байкоочулук кылууга, БШКнын мүчөлөрү жана аппарат кызматкерлери барышат. Мындан сырткары коңшулаш өлкөгө «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунан да төрт өкүл байкоочулук кылышат. Казакстандагы президенттик шайлоо 4-декабрда өткөрүлөт.