Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

АДАХАН МАДУМАРОВ БАШТАГАН ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮ ӨЗГӨНДӨ БОЛДУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош облусунун Өзгөн районунда жаздагы селден жапа чегип, турак-жайсыз калган үй-бүлөлөр кыш күрөөнү чатырларда баштан кечирип жатышат. Ал эми Жалпакташ айыл өкмөтүнүн тургундары жер көчкүнүн кесепетинен жабылып калган автожолдун азабын тартышууда. 17-ноябрь күнү Өзгөндө жумушчу иш сапары менен болгон бир катар өкмөт мүчөлөрү аталган маселелерди тез арада чечүүнүн жол-жоболорун талкуулашты.

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров баштаган өзгөчө кырдаалдар, айыл чарба, транспорт тармактары боюнча министрлер жана башка өкмөт мүчөлөрү алгач Жалпакташ айыл өкмөтүндөгү автожолдун абалы менен таанышышты. Андан соң райондун борборунда жаратылыш кырсыктарынан жапа чегишкен адамдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, коюлган маселелерди талкууга алышты. Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров маселени чечүүдөгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн алсыздыгын сынга алды:

- Жергиликтүү жетекчилер ушул мезгилге чейин жер таап, чек бөлүп берген эмес. Экинчиден, аларга чек берилмейинче ссуда берилбейт, ссуда берилмейинче көчпөйт. Баардыгы бири-бири менен айкалышкан маселе болуп атат. Aзыр губернатор дагы, райондун акими дагы катуу тапшырма алышты, аз күндүн ичинде аларга чек маселесин чечип берүү боюнча. Ошого жоопкерчиликти сезген үчүн өкмөттүн жарым курамы келип отурат. Бүгүн атайын Өзгөн районуна келгенибиз, ошол жети жүздөн ашык үй-бүлөнү көчүрүш керек болуп атат. Анын баары каражатка барып такалат.

Өзгөн районунун акими Үсөнбай Абдыраимов учурда жаздагы селден жабыркаган жүздөгөн үй-бүлөлөр чатырларда жашап жаткандыгын айтуу менен алардын маселесин чечүүдө өкмөт жакшы жардам бералбай жаткандыгын белгилеп өттү:

- Жалпы район боюнча 402 үй-бүлө чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан ссуда алуу боюнча кезекте турат. Алардын 83ү селден жабыр тарткандар.

Түшкө жакын өкмөт мүчөлөрү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын резиденциясында кой союп, аш басып. атайын даярдалган сый тамакка отурушту. Жогорку мамлекеттик бийлик адамдарынын кызматтык сапар учурунда сый тамактарды токтотуу жөнүндө президент Бакиевдин көрсөтмөсүн өкмөт мүчөлөрүнүн эсине салганыбызда, вице премьер-министр Адахан Мадумаров мындайча жооп берди:

- Биз деле тирүү жанбыз, курсак ачат, бир куюм чай ичиш керек, анын эмнеси жаман. Той-тамаша, сый-урмат, сый тамак дегендерден биз баштагылардай болуп, күндөп-түндөп жатып алган жерибиз жок. Кирип бир сааттын ичинде чай ичип чыктык. Анын эч кандай өөн жагын көрүп аткан жокмун мен.

Анткен менен бир катар жергиликтүү талдоочулар жумушчу сапар учурунда коюлган маселени эртерээк чечүүнүн ордуна сый тамактан бошой албай жатышын аталган өкмөт мүчөлөрүнүн эски бийликтен айырмаланбаган сапаты катары баалашты:

- Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров баштаган бир топ министрлердин иш сапарында ошондой сый-тамак көргөнү, болгондо дагы өтө каржалган табигый кырсыкка кабылган элдин ичинде кайталап отурганы бул жакшы жөрөлгө эмес. Бул жалпы мамлекеттик бийликтин кадыр-баркына өтө чоң көлөкө, өтө чоң шек туудурушу мүмкүн, – деген пикирин билдирди жергиликтүү талдоочу Абдувахап Мониев.

XS
SM
MD
LG