Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

Бириккен Улуттардын баш катчысы Пакистанга келди


Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Пакистанга келди жана өлкөдө сентябрда болгон жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам көрсүтүү аракеттери уланат деп билдирди:

- Жер титирөөнүнү күчү өтө катуу болгон, эч ким аны күткөн эмес. Күн өткөн сайын кризис канчалык терең экенин биз улам жакшы түшүнүүдөбүз жана бардык мүмкүн болгон жардамды көрсөтүүгө аракет көрөбүз.

Ишемби күнү Кофи Аннан - зилзаладан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү маселеси боюнча уюштурулуп жаткан донорлор конференциясына катышат. Эксперттердин айтымында, тийген зыяндын баарын жок кылуу үчүн Пакистанга беш миллиард доллар керек.

XS
SM
MD
LG