Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

АКШ президенти иш сапары менен Түштүк Кореяга келди


АКШ президенти Жорж Буш бүгүн Түштүк Кореяга келип, өлкө президенти Но Му-хен менен Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселелерди талкуулады. Жолугушуудан кийин президент Но ал тууралуу журналисттерге минтип билдирди:

- Түндүк Кореянын өзөктүк программаларынын уланышына дүйнөлүк коомчулук макул болбойт. Аны менен катар биз бул маселени сүйлөшүү аркылуу чечиш керек деген турумубузду дагы бир жолу тактадык.

Эртең президент Буш Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтө турган бийик жолугушууга катышат, ага - Тынч океанга чыккан мамлекеттердин жетекчилери чогулууда. Андан соң Буш Кытай жана Монголияга да барат.

XS
SM
MD
LG