БИШКЕК. 18-ноябрда Бишкекте түзөтүү мекемелерин реформалоого арналган тегерек үстөл өттү. «Соттолгон аялдарды реабилитациялоо, азыркы жагдай жана келечек» деп аталган бул тегерек үстөлдө Бишкектеги аялдардын №2 түрмөсүнүн абалы талкууга алынды. Ииликтөөлөргө караганда, акыркы эки жылда жаза мөөнөтүн өтөп чыккан аялдардын 1 пайыздан ашыгы гана туугандары, жакындары менен табыша алышкан. Калгандары ичип же кайра кылмыш жасап, түрмөгө түшүшкөн. Соттолгон аялдарды коомчулукка жакындатуунун жолдорун издөө - тегерек үстөл талкуулаган негизги проблема болду. Статистикалык маалыматка караганда, Кыргызстан аймагындагы түзөтүү колонияларында жана тергөө изоляторлорунда отурган аялдардын саны 762. Алардын 109у 18 жашка чейинки курактагылар. Аталган конференцияны Дүйнөлүк Банктын каржылоосунда “Запкысыз тынчтык үчүн” эл аралык коомдук фонду менен бейөкмөт уюмдар ассоциациясы уюштурду.