Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН КАМ КӨРГӨН УНИВЕРСИТЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары АКШнын бир топ университеттери чет элдик студенттерге берилип жаткан финансылык жардамдын көлөмүн көбөйтүүнү чечишти. Мындай чечимге дүйнөнүн башка жогорку окуу жайлары менен атаандаштыктын күчөшү жана чет элдик студенттерге АКШнын эң мыкты университеттеринде билим алууга мүмкүндүк берүү мүдөөсү себеп болду. Йель универститети - өлкөнүн беш эң мыкты жогорку окуу жайларынын бири, финансылык каражаттары боюнча бул универститет Гарвард университетинен кийинки эле орунда турат. Жаңы саясат боюнча, эми университетте мурдагы советтик республикалар менен Чыгыш Европадан келген студенттердин саны көбөймөкчү.

1701-жылы негизделген Йель университети Американын эң мыкты университеттеринин бири болуп саналат. Бул окуу жайын АКШнын алты президенти бүтүрүп чыгышкан. Ага кирүү үчүн дүйнө жүзүнүн ар кайсы жерлеринен миңдеген улан-кыздар арыз беришет, бирок конкурс чоң болгондуктан алардын аз гана бөлүгү окуу жайдын студенти болуу укугун алат. Университетте билим алуу акысы да өтө кымбат, жылына 40 миң доллар турат.

Университеттин коомдук маселелер боюнча бөлүм башчысы Хелайн Класки атаандаштык абитуриенттердин арасында өтө чоң экенин, бирок университетке өткөн соң студенттер толугу менен окуу жайдын камкордугуна ээ боло турганын баяндайт:

- Биз дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнүн студенттерине көрсөтүп жаткан жардамыбызды көбөйткөн үчүн, чет элдик студенттердин саны өстү. Жардам алуу үчүн студенттин муктаж экенин бышыктаган кагаздар талап этилбейт. Каржалып турган студент арыз берет да, жардам алат. Биздин кеңсе алардын финансылык абалы жөнүндө билбейт. Жардамга муктаж студенттер арыз менен кайрылса болот, Йельге келген студенттерге биз жардам беребиз.

Киевден келген Наталья Рогач деген 17 жаштагы кыз 2004-жылы күзүндө АКШнын бир нече университетине арыз берген. Бирок акыры ошолордун ичинен Йель университетин тандап алып, саясат таануу жана философия факультетине кирген. Анткени Йель универстети аны окутууга кете турган чыгымдардын баарын өз мойнуна алган.

Наталья өз кабарчыбызга буларды баяндады:

- Саргылжын революцияга байланыштуу өткөн жыл Украина үчүн жана жеке мен үчүн өтө маанилүү жыл болду. Йельге кабыл алынганым мен үчүн абдан маанилүү окуя болду. Өлкөнү курууда жаштардын мүмкүнчүлүгү зор экенин түшүндүм. Биз үчүн азыр Американын демократиясын үйрөнүп, ал турмуштук тажрыйбабызды үйүбүзгө алып кетүү мүмкүнчүлүгү ачылууда.

Йельде окуп жатышкан чет элдик студенттердин эң ири топтору - Кытайдан, Канададан жана Түштүк Кореядан келген студенттер. Баары болуп Йель университетинде 100дөн ашык мамлекеттен келген студенттер окушат. Чет элдиктер университеттин жалпы студенттеринин 16 процентин, же 11 миң студентти түзүшөт.

19-жашар Павел Камышев Кыргызстандан келген этник орус. Америкада төрт жылдан бери жашап келаткан Павель Йель университетинен математика адистиги боюнча илимий даржага ээ болуу максатын көздөйт:

- Бул жерде окуу үйдөгүдөн алда канча кыйыныраак. Үйдөгү университет акдемиялык билим берүү жагынан, окуунун интенсивдүүлүгү жагынан да буга жетпейт. Менимче окуу программасы бир топ эле кыйын, анын үстүнө мен күчтүү программаны тандап алганмын, адатта жаңы келгендер антишпейт.

Павелдин окуу чыгымдарын университет көтөрөт. Ал эми күнүмдүк жашоосуна акча табуу үчүн ал университеттин студенттик шаарчасында иштейт экен. Павелдин ата-энеси жылына 20 миң долларга жакын акча табышат, бирок Кыргызстан үчүн жакшы айлык болгону менен бул акчага Америкадан бала окутуу мүмкүн эмес.

Жылына 45 миң доллардан аз акча тапкан үй-бүлөлөргө университет баланы окуу жайга кабыл алуу чыгымдарын да көтөрөт. Мындай камкордуктун жөнү бар, анткени окуу жайга кирүү чыгымдары айрым кедей өлкөлөрдө жашаган ата-эне үчүн бир нече айлык маянага тете акча болот.
XS
SM
MD
LG