Жолугушуу учурунда Курманбек Бакиев үч үй-бүлөгө жазында бүткөрүлүүчү турак үйлөрдүн документтерин тапшырды. Мындан сырткары президенттин резервдик корунан Ош, Токмок жана Койташ аскер бөлүктөрүнө1 миллион 200 миң сом бөлүндү. Өз сөзүндө президент Бакиев мурдагы айрым депутаттардын армия туурасында жаңылыш пикирде болгондорун белгиледи:
- Легендарлуу парламенттин айрым депутаттары бизге армиянын кереги жок, деп айткандарына өзүбүз күбө болгонбуз. Азыр алардын терең жаңылышкандыгын мезгил өзү көргөзүүдө. Кыргызстанга анчалык чоң болбосо да, ыкчам аракеттенүүчү, эң негизгиси, аскерий руху күчтүү, куралды мыкты пайдалана алган армия керек.
Президент ошондой эле өз армиясына кам көрбөгөн өлкөнүн келечеги жок деген пикирин билдирди:
- Өз армиясы үчүн кам көрбөгөн өлкөнүн келечеги жок. Мен мамлекет өз армиясын колдон келишинче колдоо керек деп ойлойм. Келээрки жылдан тарта мамалекет тараптан мындай колдоо кыйла арбын болот.
Коргоо министри Исмаил Исаков президенттен аскерий машыгууларды өткөрүү үчүн атайын жер аянттарын бөлүүнү жана кызматкерлердин турак жай маселесин чечип берүүсүн суранды. Ошону менен эле катар Исаков башкы командачы Курманбек Бакиевге коргоо министрлигинин атынан белекке тапанча тапшырды.
Сөз соңунда Исмаил мырза буга чейин коргоо министрлигинин курамы кескин кыскартылганын, аны кайрадан көбөйтүү зарылдыгын айтты:
- Бул үчүн көп деле каражат талап кылынбайт. Эң негизгиси, мээни гана иштетиш керек. Берилген акчаны үнөмдүү пайдаланса болот. Мен үчүн эки жыл убакыт болсо, армиянын абалын жакшырта алам.
Канткен менен коомчулукта кыргыз армиясынын азыркы абалы тууралуу түрдүү пикирлер орун алууда. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев коргоо министрлигине бөлүнчү каражатты үч эсе жогорулатканыбыз менен жоокерлерибиз ачка отурушат дейт:
- Бөлүнгөн каражатты материалдык-техникалык баазаны күчтөөгө жумшашыбыз керек. 2000-жылдан бери коргоо министрлигинин казынасын үч эсеге жогорулаттык. Мындай өсүш башка эч бир жерде жүргүзүлгөн эмес. Ошого карабастан жоокерлерибиз ачка отурушат, алар бизди коргоого даяр эмес.
Аналитикалык борбордун жетекчиси, саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиевдин пикиринде, сапатка жакшылап көңүл буруу зарыл:
- Биз професcионалдуу армия кылган күндө деле, аны кармап турууга каражатыбыз жетпейт. Ошондуктан учурдагы эле система туура деп эсептейм. Бирок бизге армиянын эмне үчүн кереги бар, деген түшүнүктөн баштообуз зарыл. Улам жаны адамдар келип, көбөйтөбүз же азайтабыз деп өйдө-төмөн өзгөртө бериштин пайдасы жок. Андан көрө ички тартипти оңдоп, сапатына жакшылап көңүл буруубуз абзел.
Cүрөт “Рresident.kg” Интернет барагынан алынды