Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Евробиримдик Ирандын соңку чечимине кабатыр


Евробиримдик Иран өзөктүк программасын улантуу ниети менен дүйнөдөн обочолонуп баратканына тынчсыздануусун билдирди. Брюсселде өткөн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин Британиялык башкы дипломат Жэк Стро буларга көңүл бурду:

- Биз соңку окуялардан улам Иран өз чечимдерине жараша дүйнө коомчулугунан бөлүнүп калабы деп кабатырланып жатабыз. Британия, Франция жана Германия соңку жылдары эл аралык коомчулуктун кысымы аркылуу Тегеранды өз милдеттенмелерин аткарууга көндүрүүгө көп аракет жасады.

Ирандын парламенти кечээ өкмөт эл аралык инспекторлордун өлкөдөгү атомдук жайларды текшертүүгө уруксат бербесин деген токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG