Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Иран парламенти өзөктүк маселе боюнча кабыл алынган чечимди бекитти


Ирандын парламенти бүгүн - жекшемби күнү кабыл алынган өз чечимин бекитти. Ага ылайык, эгер өлкөнүн өзөктүк программалары менен байланыштуу маселени Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде кароого жөнөтсө, анда Иран өкмөтү мурда ыктыярдуу түрдө көрүлүп жүргөн айрым аракеттерди токтотууга тийиш. Мисал үчүн, Агенттиктин инспекторлору өлкөнүн өзөктүк ишканаларына күтүүсүз текшерүү менен келе албай калат. Агенттик маселени 24-ноябрда караш керек.

XS
SM
MD
LG