Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достукту коргоо комитети түзүлдү


БИШКЕК. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Назарбек Нышанов 22-ноябрда «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, аталган комитеттин башкы максаты – АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өркүндөтүүгө көмөктөшүү. Комитет төрагасынын пикиринде, Кыргызстан эгемендигин жарыялагандан бери АКШ өлкөдө демократияны өнүктүрүүгө, экономикалык абалды жакшыртууга эбегейсиз жардамдарды көрсөттү. Ошондуктан, мындан ары да Кошмо Штаттар Кыргызстан үчүн саясий жактан негизги стратегиялык өнөктөш өлкө болуп кала бериши керек. Комитет жакынкы күндөрү АКШнын президенти Жорж Бушка кат жолдойт. Анда АКШнын Кыргызстандагы авиабазасынын бул жерде жайгашуу мөөнөтүн узартуу, Кыргызстанга мындан ары демократияны өнүктүрүүгө жардамдарды көрсөтүү өтүнүчү айтылат.

XS
SM
MD
LG