Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:51

ТИМ: Кыргыз бийлигинин авиабаза боюнча АКШга каржылык дооматы жок


БИШКЕК. Буга чейин АКШ авиабазасы жайгашкан «Манас» аба майданын пайдалангандыгы үчүн Кыргызстандын жетекчилигинин эч кандай каржылык дооматы жок. Мындай билдирүүнү тышкы иштер министрлиги бул маселеге байланыштуу «МСН» гезитинин 18-ноябрдагы санында Юрий Груздовдун авторлугундагы макалага жооп катары дагы бир ирет таратты.

Анда Кыргызстандын өкмөтү азыркыга чейин АКШга авиабаза үчүн кандайдыр бир өлчөмдөгү каражатты төлөп берүү дооматын койо электиги тууралуу белгиленген. Учурда АКШ менен Кыргызстандын эксперттери Кошмо штаттардын Ганси авиабазасынын мындан аркы жайгашуусунун каржылык шарттарын талкуулашууда. Билдирүүдө айтылгандай, «МСН» гезитинде 2001-жылдан бери Кыргызстандын казынасына авиабаза тарабынан төлөнчү каражаттан 150 млн. доллар каражат түшпөй калган, деген маалымат негизсиз.

XS
SM
MD
LG