БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 30-ноябрда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт.
Абанын температурасы:
Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу. Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн -2ден...-7 градуска чейин суук болот. Күндүз 0...+5 градус жылуу. Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу. Ысыккөл ойдуңунда абанын түнкү температурасы 0...-5 градуска төмөндөйт ал эми күндүз 0...+5 градуска жылыйт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -10...-15 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу.
Бишкекте сыдырым жел жүрүп, мезгил-мезгили менен туман каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн -3...-5 градус суук, күндүз +1...+3 градус жылуу.
Кабарлар топтомун Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу