Союздун ушу таптагы төрагасы Британия кечээ жарыялаган билдирүүдө жекшемби күнкү парламенттик шайлоо демократия жолундагы алгачкы кадам болду деп белгиленет. Документте ошондой эле шайлоо мезгилинде жол берилген ар бир мүчүлүштүктү кылдат иликтеп чыгуу чакырыгы да айтылат.