2003-жылы АКШ Иракка каршы согуш баштаганда, ага Алмания менен Франция каршы чыккан жана Американын коргоо министри Доналд Рамсфелд ал эки өлкөнү "эски Европа" деп атап, Европанын атынан башка мамлекеттер деле сүйлөй алат жана Вашингтон ошол жаңы европалык жумурияттар менен коалиция түзөт деп билдирген. Андай жаңы европалык жумурияттардын бири Польша жана Румыния азыр - өз аймагында жашыруун америкалык абактарды кармаган деп күнөөлөнө баштады, бирок алардын жетекчилиги андай күнөөнү четке кагууда.
Европа комиссиясынын төрага орун басары Франко Фраттини 28-ноябрда Берлин шаарында чыгып сүйлөп, андай жашыруун түрмөлөрдү өз аймактарында түзүүгө уруксат берген мамлекеттер жазаланат деп билдирди. Андан тышкары, анын айтымында, андай абактар тууралуу маселени ачыктоо талабы менен Биримдик АКШ жетекчилигине да кайрылган. 29-ноябрда Вашингтон шаарында АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен Алманиянын жаңы тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жолукканда, Райс айым ал суроого Вашингтон жакын арада жооп берет деп билдирди.
Мамлекеттик катчынын басма сөз өкүлү Шон Маккормактын айтымында, АКШ өз милдеттенмелерин жакшы билет жана аларды дайым аткарат:
- Мамлекеттик катчы Райстын айтымында, Америка Кошмо Штаттары америкалык мыйзамдарды жана конституцияны так аткарат, биз эл аралык милдеттенмелерибизди дагы бузбайбыз. Европа Биримдиги бул маселе боюнча атайын суроо-талап жиберип жатат жана АКШ ага жооп берет деп Райс министри ишендирди.
АКШ президенти Жорж Буш жана Борбордук чалгындоо агенттигинин деректири Портер Госс дагы мурда - АКШ эч кандай мыйзамдарды бузган эмес жана өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так аткарат деп билдирген. Бирок европалык эксперттердин айтымында, дал ошол мыйзамдарды бузбаш үчүн АКШ андай абактарды өз аймагынан тышкары кармап жатат. Эгер террорчулуктан шектелгендер АКШнын өз аймагында кармалганда, аларга кайсы бир мөөнөттүн ичинде сөзсүз расми күнөө коюлууга тийиш, так жана орчундуу күнөө болбогондо, алар бошотулуш керек.
Башка мамлекеттердин аймагында кармалган абактар болсо башка мыйзамдарга баш ийет, алардын айрымдарында туткундарды кыйнап да маалымат алса болот. Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык аскерий базада бир нече жылдан бери бир нече жүз туткун расми күнөө коюлбастан кармалууда. Өзбекстандын түрмөлөрүндө кармалган туткундардан кыйноо аркылуу алынган маалыматтарды АКШ менен Улуу Британиянын атайын кызматтары пайдаланган деп айткан Ташкендеги британиялык элчи Крейг Мюррей былтыр кызматынан бошотулду.
Европалык маалымат каражаттары жазганга караганда болсо, айрым европалык өлкөлөрдүн аймагындагы аскерий базаларга америкалык учактар менен туткундар жашыруун алып келингенин ал мамлекеттердин өкмөттөрү кээде билбей да калчу. Европа комиссиясы бул маселени иликтөө үчүн атайын тергөө тобун да түздү жана аны жетектөөгө швейцариялык адвокат Дик Марти дайындалды. Андай жашыруун учактар Канаданын аймагына конгону тууралуу да маалыматтар бар жана Канада өкмөтү дагы атайын тергөө баштады.