Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Алматыдагы кыргыз мигранттары тартип бузганбы?


БИШКЕК. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын Казактсандан чыгарылышына 4-декабрга белгиленген президенттик шайлоо алдындагы күчөтүлгөн паспорттук-визалык режимдин киргизилиши себеп болгон. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрзак Өзүбеков 30-ноябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Элчинин айтымында, соңку учурда Казакстанга кошуна Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан барган эмгек мигранттары көбөйүп кеткен. Маселен, акыркы убакта Алматы шаарында эле тартип бузган 546 эмгек мигранты кармалып, алардын 108и кыргызстандыктар болгон. Кыргызстандын бул 108 атуулун өлкөдөн чыгаруу тууралуу Алматы шаар прокурору санкция берген. Мындан сырткары Алматы админстративдик соту дагы сегиз кыргыз атуулун өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Учурда казак-кыргыз чек арасы жабылган жок, бирок күчөтүлгөн көзөмөлдө. Бул 25-ноябрдан 5-декабрга чейин созулмакчы.

Ноябрдын 28ине караган түнү казак тарап 200дөн ашуун кыргыз атуулдарын өлкөдөн куч менен чыгарып салган. Алматыда алардын көпчүлүгүнүн бала-чакасы, товарлары калганы айтылууда. Учурда бул маселени чечүү боюнча мамлекеттик миграция комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулова Алматыда жүрөт. Айрым маалыматтарда кыргыз атуулдарын чыгаруу Алматы шаарындагы төрт ири базарда 27-ноябрда болгон өрт менен да байланыштырылууда. Казакстандагы кыргаз диспорасынын мүчөсү Кубанычбек Абдылдаевдин 30-ноябрда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул базарларда соода кылгандардын 60 пайызы кыргызстандыктар жана алардын көпчүлүгүнүн наркы 2 минден 40 миң долларга чейинки товарларын өрт чалган.

XS
SM
MD
LG