Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:45

ОШТУК ЖАШТАР СПИДге КАРШЫ ЖӨӨ ЖҮРҮШ ЖАСАДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Ош шаарында студент жаштардын жөө жүрүш акциясы болуп өттү. “Биз СПИДге жана наркоманияга каршыбыз” деген ураандын астында өткөрүлгөн бул иш чарада жылдан жылга ВИЧ-СПИД илдетинин тез таркалышы коркунучтуу мүнөзгө айлана баштагандыгы айтылып, “кылым чумасынан” сактануунун чаралары боюнча маалыматтар окулду.

Ош шаарынын борбордук аянтына чогулган шаардагы окуу жайларынын студенттери негизги көчөлөр аркылуу эки багытта жөө жүрүшкө чыгышты. Колдоруна ВИЧ-СПИД илдетине каршы күрөшүүгө, сергек жашоого чакырган ураандарды көтөрүп алышкан студенттер шаар тургундарына аталган “кылым чумасынын” коркунучу жана андан сактануунун чаралары боюнча маалымат беришти. Тарых факультетинин студенти Данияр Өскөнбаев учурда болуп жаткан коомдогу терс көрүнүштөрдү өзүнүн ыры аркылуу сүрөттөдү.

СПИДке каршы күрөшүүгө багытталган митингдин жүрүшүндө аталган илдеттин коркунучтуулугу, пайда болуу тарыхы жана илдеттин жугуу жолдору боюнча маалыматтарды камтыган ураандардын, сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Митингде чыгып сүйлөгөн студенттердин айрымдары өз курбалдаштарын сергек жашоого жана спортту жан жолдош кылууга чакырышты:

- Ош мамлекеттик университетинин студенттери бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштей турган болсо биздин шаарыбыздагы бүтүндөй жаштар андай илдетти жок кылууга толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин айткым келет.

Жөө жүрүш акциясына катышкан студент жаштардын айрымдары СПИД инфекциясын жугузуп алгандардын ичинен Ош шаары республика боюнча биринчи орунда тургандыгына тынчсызданууларын мындайча билдиришти:

- Ошто 240 адам ооруп жаткандан кийин ар бир адамга жугуп калуу коркунучу бар, – дейт студент Дамира Мырзаматова.

Ош шаардык бириккен ооруканасынын дарыгери Абдырасул Ажыбаев Ошто ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккан адамдардын санынын көп болуп жаткандыгын аймактын географиялык жактан тобокелчилик тилкесине жакын жайгашкандыгы менен байланыштырды:

- Биздин байкоо боюнча азыркы кезде Ош шаары Кытай, Ооганстан менен чектеш болгондуктан маңзаттары көп өтүүдө. Ошондуктан бизде ушундай нерселер көп катталып атат.

Анткен менен Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Түгөлбай Мамаев коомчулуктун “кылым чумасы” жана андан сактануунун чаралары боюнча маалыматтуулугу бир кыйла жогорулагандыгын мындача белгилеп өттү:

- 3-4 жылдын ичинде биздин коомдун СПИДге болгон көнүл буруусу өзгөрдү. Себеби акыркы убактарда СПИД проблемасы өтө курч болуп атат. Айрыкча Ош шаарында, Карасуу районунда. Себеби ушул эки региондо СПИДге чалдыккандардын саны башка региондорго караганда бир канча эсеге өсүп кеткен.

СПИДге каршы күрөшүү боюнча жөө жүрүш акциясы спорттук мелдештер жана концерттик программалар менен коштолду.

XS
SM
MD
LG