Бул тууралуу билдирип, президент Виктор Ющенко Украинанын союзга мүчө болушу жаңы проблеманы жаратпай турганын, тескерисинче, жаңы артыкчылык болорун белгиледи. Киевдеги саммитте Евросоюз кечээ Украинаны рынок экономикасы бар өлкө деп тааныды. Бул кабарды комментариялап, Брюсселде Европа комиссиясынын өкүлү Питер Пауэр эми процедуралык иштер башталарын, Украина эмдиги жылдын башталышынан тартып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизиши зарыл экенин эске салды.