Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ М.КЕРИМКУЛОВДУ ДАЙЫНДООГО МАКУЛДУК БЕРДИ


2-декабрда Жогорку Кеңеш 1-вице-премьер-министрлик орунга Медетбек Керимкуловдун талапкерлигин карап, 58 депутаттын колдоосу менен аны бул орунга бекитип берди. Добуш берүүгө жалпысынан 61 депутат катышты.

Медетбек Керимкуловдун талапкерлиги талкуусуз эле добушка коюлду. Бирок депутат Алишер Сабиров Керимкуловго паспорт көйгөйү боюнча, кышка даярдык боюнча суроо берели деди эле, анын мындай сунушу өткөн жок.

Медетбек Керимкулов 24-марттагы ыңкылапка чейин Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген. Ал бул орунга Феликс Кулов өз ыктыяры менен кызматтан кеткенден кийин отурган.

Жаңы өкмөттүн курамындагы 1-вице-премьерлик орун өтө катуу талашка түшкөнү белгилүү. Ага алгач Данияр Үсөновдун талапкерлиги президент тарабынан сунушталып, кийин ага кошумча Медетбек Керимкулов менен Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги дагы мамлекет башчысы тарабынан жылдырылган. Кийин саясий оюндар болуп, 1-вицелик орун кайсы бир учурга чейин бош болуп калган. Ал эми кырктан ашык депутаттын колун топтогон Данияр Үсөновдун талапкерлиги парламентке сунушталып, 17 добуш гана топтогон Д.Үсөнов бул орунга өтпөй калган.

Медетбек Керимкулов - депутат Айдарбек Керимкуловдун, мурдагы баш прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин бир тууганы.

Медетбек Керимкулов тууралуу маалымат: Чүй облусунун Ысыката районундагы Кеңбулуң айылында туулган. Фрунзедеги политехникалык институттун архитектура-курулуш факультетин инженер-куруучу адистиги боюнча (1967-72) аяктаган. Үй-бүлөлүү. Эки баланын атасы.

1966-67-жылдары Ысыката районундагы Дмитров атындагы совхоздо жумушчу.

1972-74-жылдары Кыргыз ССРнин айыл чарба жана курулуш министрлигинин Жетөгүз райондук көчмө колоннасында устат, прораб.

1974-75-жылдарда "Токмоккурулуш" трестинин борбордук курулуш лабораторясынын улук инженери.

1975-82-жылдарда "Токмокстрой" трестинин №1 курулуш монтаждоо башкармалыгынын прорабы, башкы инженери жана жетекчиси.

1982-84-жылдары- Кыргызстан КПнын Токмок шаардык комитетинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы, айрым маалыматтар боюнча Токмок шаардык аткаруу комитетинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы.

1984-85-жылдары Эл депутаттарынын Чүй райондук кеңешинин төрагасынын орун басары.

1985-1990-жылдары "Токмоккурулуш" трестинде башкарма.

1990-91-жылдары Токмок шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары.

1991-жылдын февраль-май айларында Токмок шаар кеңешинин төрагасынын орун басары.

1991-1992-жылдары Токмок шаардык кеңешинин төрагасы.

1992-1994-жылдары Токмок шаардык мамлекеттик администрациясынын жетекчиси.

1994-95-жылы Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын жетекчиси.

1995-1999-жылдары Бишкек шаарынын мэринин 1-орун басары.

1999-жылдын апрель-июль айларында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.

1999-жылдын 12-июлунан 2005-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри (Бишкек шаар кеңешинин сессиясында бир добуштан, атаандашсыз шайланган).

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу деген ардак наамдын ээси. 3-даражадагы "Манас" ордени жана КР Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен сыйланган.

http://www.azattyk.org/elections/officials/KerimkulovM.asp

XS
SM
MD
LG