НАРЫН. 8-декабрда Нарын облустук телевидениеси кесиптик майрамын белгиледи. Ага ардагер, журналисттер, губернатордун басма сөз катчысы катышты. Телевидениенин кабарчы, редакторлору Гүлжан Кыдыралиева жана Нурзат Эсенканова Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары менен сыйланышты. Учурда Нарын облустук телевиденисинде 20 адам иштеп, жумасына бир жолу облуска үч сааттык телеберүү жана республикага жумасына үч жолу радиоберүү даярдашат.
Аба ырайы
БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 9-декабрда Кыргызстандын аймагы боюнча кар жаашы күтүлбөйт. Бир гана түнкүсүн Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптап, кар жаайт. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6дан...-11градуска, күндүз 0...-5 градуска суук.
Талас дубанында түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5 градус суук болот.
Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн абанын температурасы -2ден...-7 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болот.
Ал эми бийик тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн -8ден...-13 градуска, күндүз 0...-5 градуска суук болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен туман каптап турат. Кар жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн -8...-10 градуска ал эми күндүз -1...-3 градуска суук болот.
Кабарлардын топтомун Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.
Редактор-Кубат Чекиров